super.kg logo
  Спорт  

"Жылкыңа карап ышкыр!". Конор Макгрегор "Манчестер Юнайтед" клубун сатып алууну көздөөдө. Акчасы жетеби?

 

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Англиянын атактуу "Манчестер Юнайтед" клубун сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу Макгрегор өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Салам баарыңарга! Мен "Манчестер Юнайтед" клубун сатып алууну ойлонуп жатам. Сиздер буга кандай карайсыздар?", - деп жазды Макгрегор.

"Манчестер Юнайтед" клубу бүгүн, 21-апрелде расмий токтотулган Европа Супер Лигасына кошулгандан кийин, анын ээлери клубду сатууну көздөгөн. Ал эми Макгрегор аталган футболдук клубдун күйөрманы.

2021-жыл ирландиялык мушкер үчүн дагы жемиштүү боло баштады. Дастин Порьеге утулганына карабай, ал 30 миллион евродон ашык акча алган. Мындан тышкары өзүнүн "Proper Twelve" вискисинин сатылышы кошулуп, мушкердин байлыгы 280 миллион еврого бааланган.

"Манчестер Юнайтед" бул - Англиядагы эң кымбат футболдук клуб. Forbes басылмасынын маалыматы боюнча, клуб 2021-жылы 4 миллиард 200 миллион еврого бааланган. Мындан тышкары англиялык клуб дүйнөдөгү эң кымбат клубдардын ичинен "Бавария", "Реал Мадрид" жана "Барселонадан" кийин төртүнчү орунда турат.

Ушунун баарын эсепке алганда, Конордун клубду сатып алуусу өтө эле оор экени айдан ачык. "Манчестер Юнайтед" ирландиялык мушкердин байлыгына караганда 15 эсе кымбат. Ал эми Макгрегордун болгон байлыгы клубдун 10 пайыз акциясына дагы жетпейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
21.04.2021. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Супер инфо сиз конордун только байлыгын эсептединиз, анын вискиден, рекламадан, бренддеринен, компанияларынан, компаниондорунан келген байлыктарын эсептеген жоксуз го, аны бекерден мистик мак деп аташпайт, ал 35 ке чыкканда миллиардер болом деген, анын связы көп, сатып алганга мүмкүнчүлүгү жетет.
21.04.2021. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Конорду Погба дагы сатып алат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: