super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАР": "Ноокат районуна караштуу Кызыл-Тейит айылындагы жолдор 2-3 күндө чөгүп кетти" дейт окурман

 
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал жүк ташыган фуралар өтүп жатканын айтып, 2-3 күндө жолдор чөгүп кеткендигин билдирди.
"Ош-Баткен жолунда Ноокат районундагы Чили-Сай дарыясындагы көпүрө авариялык абалга келгендиктен, оор жүк ташыган фуралар Ноокат районуна караштуу Кызыл-Тейит айылын аралап өтүп жатышат. 2-3 күндө жолдор чөгүп кетти. Айылдын жолунда тротуар жок, окуучуларга кыйын болуп жатат. Ушуну тиешелүү органдар карап койсо. Балдардын коопсуздугуна тынчсызданып жатабыз. Биздин айылдын жолдоруна чоң фуралар эмес, эки жеңил унаага ылайыкталып салынган", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Жүк ташыган унаалар өтүп атып жолдор 2-3 күндө чөгүп кетти

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: