super.kg logo

"Жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар". Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифтерди сунуштады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы электр энергиясына болгон тариф маселесин талкуулоо учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу боюнча сунушу бар экенин белгиледи.

Анын айтымында, учурда социалдык камсыздоо мекемелери 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат беришкен. Бирок жергиликтүү бийлик жана энергетикалык компаниялар менен биргеликте кошумча тактоо иштерин жүргүзсө, бул тизме кеңейиши мүмкүн.

Садыр Жапаров ошондой эле чектөөлөрдү алып салып, жашоо шарты оор, алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар экенин кошумчалады.

Бирок президенттин белгилешинче, суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы.

“Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Бүгүн суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушундай кылганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз”, - деп баса белгиледи ал.

Мамлекет башчысы эмне үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана алыскы тоолуу райондордо жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төмөнкү тарифтик көрсөткүчтөр сунушталып жатканын айтты.

"Мындан ары биз бардык тармактарда реформаларды жүргүзүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн артыкчылыктуу болушуна көбүрөөк көңүл бурабыз", - деп айтты президент Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(29)
21.04.2021. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Бул жагын өлтүрөт турбайбы Жапаров, мамлекет муздаткычың, телевизоруң бар экен, корооң пескоблок менен тосулуптур, дарбазаң бар экен деген шылтоо менен пособия бербей жататко ошондой эле схема менен светтин акчасын төлөйт экенбизда, колуңда бар бай экенсиң деп 1 сом 48 тыйындан төлөтөт турбайбы демек! Бул нерселердин баарын бала- чаканы айлап- жылдап көрбөй мигрант болуп иштеп сатып алганың менен эч ким иши жок! Жапарөв сөзүңүзгө жооп бербегениңизден соң элди алдабай эле койбопсуз!
21.04.2021. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тустуу телевизорун, муздаткычын бар деп пособие беришпейт, бул жолу дагы ошентишип кымбат тариф менен алганы жаткан турбайбы. Канча деген адамдар жашоо жакшы жакка озгорот деп добуш беришти эле, окунучтуу.
21.04.2021. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кайран карапайым кыргыздарым али шорубуз бар окшойт эмне дештида билбей калдым прадукта эт ун май асман чапчып жатат.
21.04.2021. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Дакансалар барсыңарбы???
21.04.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Супер маркеттеги акция товар алгандай алдайтко
21.04.2021. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кыргызды кайра кыйнайт экенсинер да
21.04.2021. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
шордуу эл экенбиз.ажого жарыбадыкко.сабыр берсин бардыгыбызга.
21.04.2021. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isk..,Сабыр берсин десең Садыр берди го кудайым.
21.04.2021. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эми элдин баары айыл окмотко барат. Мени жакырлардын тизмесине кошкула деп
21.04.2021. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бакиев светти кымбаттаты деп куугандар жакында озунордун тезегинерди жагасынар го бул кетиште.
21.04.2021. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Лампичке курс го
21.04.2021. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул бийликтен да эффективдүү жакшы жыйынтык көрө албай атам.Октябрдан бери бийликти колго алган андан бери деле 6 ай убакыт өттү бирок жарытаарлык жыйынтык жок кустуруп атабыз деп атышат, ошолор чындап кусуп атышабы же эл көзүнө кусуп атышабы бир кудай билет. Бунун да жыйынтыгы келээр
21.04.2021. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Баары байлар аз камсыз тарифи боюнча толоп. Карапайым эл эн жогорку тариф боюнча толоп калбасак эле....
21.04.2021. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аа атасынын коруу...
21.04.2021. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мага тегиз 1сом кылса макул болмокмун андан ашса капа болбогула демекмин
21.04.2021. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Квартиралар жүргөндөр канча сомдон төлөшөт?
21.04.2021. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Садырчылар кандайсынар, апрелде арзандатат деп атпадынар беле?
21.04.2021. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Лампичкабыз кантип жанат эми)))
21.04.2021. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Электр энергиясында 2 эле маселе бар. Биринчиси уурулук - негизинен чоң ишканалар уурдашат, анан списание кылышат, потеря деп жазышат. Экинчиси - сууну туура пайдалана албай жатабыз, коңшуга керек болгондо агызып, өзүбүзгө керек болгондо жок. Уурулук менен суунун ысрап кылганды токтотсок эле кризис болмок эмес. Бааны негизинен энернетика компанияларын чет өлкөлүктөргө сатаар алдында кеп кылышчу эле, андай эместир деп үмүт кылам.
21.04.2021. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
азаматсың,бул бийлике башынан каршы болгом,башынан бери өрдөктөр уча берип,мына эми ушу бизге ашыкча болгон 700 кв лимитти алып салса деп турсан кайра баа кымбаттайт.
21.04.2021. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул бийликтинда омуру кыска болот окшойт итак эле кышта свети толоп аран чыгабыз эми олгондун устуно комгон кылат экенда кандай умут менен шайлады эле эл эх атин кайран кыргыз
21.04.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тооба, айта берет,созунон кайта бере турган Айшакан эле болуп алды го бул Садырынар!Элдин пайдасына бир норма нерсе чечип бере алабы бул киши озу?Элди тоноп,жер,суу саткандан башка иш кылбады!
21.04.2021. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Кичине сабырдуу болгулачы кыргызым, Садыр бир озу каяка жетишсин, андан коро колдон буттан алып жардам берели,дегеним токту уурдабагыла, электр энергиясында канча башчы иштесе ошонун баары уурдайт, мен факты билем,айылда сотун да акимин да башкан да толобойт.
22.04.2021. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уу коргошунду ичип жөөн отурганыбызда мындай дебейт беле
22.04.2021. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Копко барбайт го бул акмак
22.04.2021. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай надоел кылышты бала чакамды багайын деп иштеп кетсе да пособясын чыгарбай коюшат анда тиричилик кылбай эле ошол 900 сомунарды карап отура бериш керекби
22.04.2021. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калын эл ансыз деле айлыктын аздыгынан, тамак аштын кымбаттыгынан жапа чегип атканда, олбо жаным олбо деп кредит менен тиричилик кылып атканда ушул эле жетпей атты эле...
22.04.2021. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин коменттарийим чыкпай жатат
23.04.2021. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарифти эки болуп токтурбай эле 0,74 тыйын эле кылгыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: