super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга жооп": "Милиция кызматкерине карата айтылган доомат чындыкка дал келбейт" дешти тийиштүү мекемеден

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылындагы участкалык милиция кызматкеринин ишине нааразычылыгын билдирген болчу.

Бул боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматына кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"2021-жылдын 20-апрель күнү Аксы РИИБинин милициянын аймактык инспекторлору өздөрүнө бөлүнгөн аймакта коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукту болтурбоо боюнча берилген тапшырма боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жүрүшкөн учурда Ауди 100 үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу Шайырбек Канатов мас абалда ролду башкарып жүргөндүктөн, тартипке чакыруу максатында ЖКККБнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, мыйзам чегинде протокол түзүлүп, автоунаасы айып короого киргизилген (айып пул 17500 сом).

Ал эми бүгүн Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн имаратында айыл өкмөттүн, айыл имамынын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жыйын болуп, айылдын тартип маселеси каралып, аймактык инспектор улук лейтенант Данияр Карабаев жаңы дайындалып баргандыктан, айыл элинин турмуш шартын түшүнүү менен кабыл алып, болгон укук бузуулар боюнча жергиликтүү активдер менен биргеликте чечүүсүн сунушташкан.

Мындан улам милиция кызматкерине карата айтылган доомат чындыкка дал келбегендиги, бул учурдан пайдаланып өзүнүн күнөөсүн жеңилдетүү максатында маалымат каражаттарына кайрылгандыгы айгинеленип турат", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: