Бишкекте окуучуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат




Милициянын кайгуул кызматкерлери мектеп окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн жалпы билим берүүчү орто мектептерге барып, алгачкы класстын окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүштү.
Сабактын жүрүшүндө мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле окуучулар үчүн даярдалган видеороликтер көргөзүлүп, жол эрежелерин сактоо боюнча эскертме журналдар таратылды.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагындагы 101 жалпы билим берүүчү орто мектептердин ар бирине кайгуул кызматынын офицердик курамынын бирден кызматкер бекитилип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, коомдук коопсуздукту сактап келет.
2021-жылдын 3 айынын ичинде жаш балдар катышкан 93 жол кырсыгы катталып, 105 өспүрүм жол кырсыгынан жаракат алган. Бул көрсөткүч 2020-жылдын 3 айына салыштырмалуу жаш балдар катышкан жол кырсыгы 17 пайызга азайган.
