Кар жааганына карабай... Таласта дарыяга түшүп кеткен 2 жашар баланы издөө иштери дагы деле улантылууда






Талас дарыясына чөгүп кеткен баланы издөө иштери дагы деле уланууда. Бүгүн, 21-апрелде кар жааганына карабай издөө иштери улантылып, ага 23 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, 12-апрель күнү 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу бала үйдүн короосунда ойноп жатып, белгисиз себептер менен дайынсыз болуп кеткен. Издөө иштерине 19 куткаруучу, ИИМден 80 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 100 адам тартылганы кабарланган. Кийинчерээк ал Талас дарыясына түшүп кеткенин куткаруучулар министрлигинен маалымдашты. Издөө иштери Киров суу сактагычында да жүргүзүлгөн.
Рамзан Айткуловду издөө иштерин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков көзөмөлгө алды.
Талас ОИИБи жогорудагы бала тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо милицияга кабарлап коюуңуздарды суранат.
Байланыш номерлери: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-08-04
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
Jaraisyn

21.04.2021. 18:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах издөөчүлөргө күч кубат берсин, бар болуңуздар. Кейиштүүсү кандай ата-эне ошол чыпалактай баланы дарыяга түшүрүп жиберген. Караса болбойбу. 2 жашар бала али эч нерсени көрө элек. Эми эмне болот.
Jaraisyn

21.04.2021. 18:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Короосу үйүнүн жанында экен тосуп койсо болот да. Бала эгер дарыяга түшүп кеткен болсо ал кудай сактасын эчак жан берген болот. Жан денеден үзүлгөндөн кийин суу сактагычка жеткиче дарыя агымы менен четке чыгат. Оболу баланын ата-энесинен кечирим сурайм, табылып калышын аллахтан тилейм. Жардам берип жаткан жергиликтүү тургундарга да ден соолук, күч кубат берсин. Ата энесине сабырдуулукту аллах насип кылсын
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.