"Досу менен Ошко кетип калган". Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыз табылды

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Башат айылынын тургуну 2006-жылы туулган М.М. 19-апрель күнү Кара-Башат айылындагы үйүнөн чыгып кеткен.
Бүгүн, 21-апрель күнү Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Навои атындагы балдар эс алуу жайында өспүрүм кыз жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган кызматкерлер кызды таап, Ош ШИИБине өткөрүп беришкен. Учурда кыз Ош шаарында эмне менен алектенип жүргөнү териштирилип жатат. Буга чейин кыздын жок болуп жатканы тууралуу Жалал-Абад ОИИБине катталган. Кыздын айтымында, ал досу менен кичи автобустарга түшүп Ош шаарына барган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Jaraisyn

21.04.2021. 18:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эй калың журт, мекендештер ушинтип бир жерден дайынсыз болуп, дагы бир жерден табылып жаткан өспүрүмдөрдүн кетип калышынын себебин изилдеп көрдүңүздөрбү?! Эмне себеп болуп атат ушуга. Албетте, ата-эненин кайдыгерлиги, көңүл бурбастыгы, мээрими эмес бекен. Жогорудагы нерселер жетиштүү болсо бала ал кадамга барбайт болуш керек. Баланы көзөмөлдөш керек, аны менен күндүн ар мүнөтүндө жакшы нерселер менен байланыш түзүү керек. Баланын ата-энеге болгон ишенимин, камкордугун калыптандырыш керек.
Jaraisyn

21.04.2021. 18:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюм
medet1983

21.04.2021. 19:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jaraisyn,Туура айтасыз
Mina24

21.04.2021. 20:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jaraisyn,эн туура ой эмес бекен адамга кун сайын адам болуу кыйын деген маанини билдирдин атане балдарга маани бербей калды сотка чыкканы коп учурда беш кол тен эмес бургандары бар бирок аз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.