Орусия жакын арада Спутник вакцинасын өлкөгө жеткирип берүүгө даярдыгын билдирди

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Москва шаарын Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун 24-25-февралында Орусияга болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жүрүшү каралды.
Артём Новиков белгилегендей, Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясынан Спутник V вакцинасын расмий каттаган, буга байланыштуу орусиялык вакцинаны эмдөө программасына киргизүүгө жана вакцинаны республика аймагына ташууга даяр. Коңшу тарап жакын арада Кыргыз калкы үчүн Спутник V вакцинасын жеткирип баштоого даяр экендигин тастыктады.
Мындан тышкары тараптар кыргыз мигранттарынын жүрүүсүнүн укуктук макамы, ошондой эле Орусиянын аймагында бекитилген жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу маселеси талкууланды.
Жолугушуунун алкагында кызматташтыктын жана санариптештирүү жаатындагы өз ара аркеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Инвестициялык кызматташтыкты, экономикалык интеграцияны, гуманитардык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө багытталган жана башка багыттар боюнча сунуштарды жана долбоорлорду даярдоо жөнүндө макулдашууларга жетишилди.
Жакынкы аптада өкмөттөр аралык Кыргыз-Орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын тең төрагаларынын пландаштырылган жолугушуусунда талкуулоо үчүн суроолордун тизмеси даярдалат.


1 |