super.kg logo

Казакстан аркылуу өткөн Бишкек-Талас каттамы жанданды. Маршрут 1 жыл мурда токтотулган

 

Пандемияга байланыштуу Казакстан тарабынан токтотулган Бишкек-Талас каттамы жанданды. Коңшу өлкө өткөн жылдын март айында токтотулган каттамды калыбына келтирүү чечимин кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек-Талас багытындагы транспорт каражаттарынын Жамбыл облусу аркылуу каттамы калыбына келтирилди. Бул чечим президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрүнүн жана өкмөттөр аралык кеңештин 9-жыйынынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуунун натыйжасы болуп саналат.

Буга чейин 2020-жылдын 16-мартынан баштап Бишкек-Талас-Бишкек маршруту казак тарабынан коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган. Бишкек жана Талас шаарларынын ортосундагы транспорттук байланыштар иш жүзүндө токтоп, жүргүнчүлөрдү ташуу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, карыларды жана балдарды ташуу процесси татаалдашканын белгилешти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: