Токмоктун базарында сатылып жаткан алкоголдук ичимдик жана тамеки каражаты мыйзамсыз экени аныкталды
Токмокто ири партиядагы мыйзамсыз алкоголь жана тамеки продукциялары алынды. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, мыйзамсыз товарлар рейд учурунда аныкталган.
Белгилүү болгондой, Токмок шаарындагы борбордук базарда өткөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө тамеки жана алкоголь продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Жыйынтыгында күмөндүү акциздик марка жана коштомо документтерсиз 6 миңден ашык бөтөлкө алкоголь, акциздик маркасы жок 1 миң 560 таңгак тамеки тартып алынды.
Салык кызматынан ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.