Нарында гемодиализ алууга муктаж жарандарга акысыз кызмат көрсөтүү борбору иштеп баштады



Нарында гемодиализ алууга муктаж болгон бейтаптар үчүн акысыз кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү кеңейди. Тагыраагы, Нарын шаардык милдеттүү камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгы гемодиализ борбору менен келишим түздү. Эми медициналык борбор бейтаптарга бюджеттик негизде кызмат көрсөтөт.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, учурда Нарын облусунда 3 саламаттыкты сактоо уюму 5-баскычтагы бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен ооругандарга бюджеттик негизде гемодиализ берет. Алар - Нарын бириккен аймактык ооруканасынын гемодиализ бөлүмү, Ат-Башы айылындагы "Диапарк" жеке медициналык борбору жана Нарын шаарындагы "Вита-Мед" борбору.
"Бүгүнкү күндө республикада акысыз гемодиализди 1 миң 613 адам алат. Милдеттүү камсыздандыруу фонду саламаттыкты сактоо уюмдарын 281 миллион 363 миң 900 сомго каржылаган. Бул сумма 59 миң 865 жолу гемодиализ алууга сарпталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.