super.kg logo

3 жылга эркинен ажыратылат же... Казакстанда 6 даана жоогазынды үзгөн жаран кылмыш жообуна тартылат

 

Казакстандын Шымкент шаарынын тургуну Түркстан аймагынан алты даана жоогазын үзгөнү үчүн кылмыш жообуна тартылат. Ал үзгөн гүл Казакстандын Кызыл китебине киргизилген жоогазындын "Грейг" түрү экенин коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, күзөтчүлөр гүлдү үзгөн адамды жайыттардын биринен кармашып, аны тергөө жайына алып барышкан. Ал эми үзүлгөн гүлдөр экспертизага жөнөтүлүп, жоогазындар "Грейг" түрүнө кирери аныкталды.

"Кармалган адамга карата "Өсүмдүктөрдүн же жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрүнө, алардын бөлүктөрүнө же туундуларына мыйзамсыз мамиле кылуу" боюнча берене менен сотко чейинки тергөө иштери ачылды.

Аталган берененин санкцияларында 8 миллион 751 миң теңге (болжол менен 1 миллион 717 миң 410 сом) айып пул салуу же 800 саатка чейин коомдук жумуштарды жасоого тартуу каралган. Болбосо 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу, кайсы бир кызматтарда иштөөгө же беш жылга чейин бир иш менен алектенүүгө тыюу салуу каралган.

Полиция кызматкерлери Казакстандын Кызыл китебине кирген гүлдөрдү сындыргандарга же үзгөндөргө катуу кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: