super.kg logo

Инстаграмдагы билдирүүсү үчүн миллион долларга чейин тапкан дүйнөлүк жылдыздардын рейтинги

 

Популярдуу социалдык тиркемелердин бири болгон Инстаграм баракчасы аркылуу киреше тапкандардын саны өсүүдө. Мындан улам тиркеме аркылуу эң көп киреше тапкандардын тизмеси дагы улам жаңыланып турат. Бул жолу социалдык медиа талдоочу "Hopper HQ" жүргүзгөн талдоо боюнча эң көп каражат тапкан дүйнөлүк жылдыздардын тизмеси жарыяланды.

Төртүнчү жолу жарыяланган тизменин сап башында "Аска" каймана аты менен белгилүү актёр Дуэйн Жонсон турат. Ал Инстаграмга жүктөгөн бир билдирүүсү үчүн 1 миллиондон ашуун доллар алат.

Тизменин кийинки катарын америкалык модель Кайли Женнер ээлеген. Анын социалдык тармактагы бир посту 986 миң долларды түзөт.


Алдыңкы үчтүктү белгилүү футболчу Криштиану Роналду толуктайт. Ал 889 миң долларды бир билдирүү үчүн алат.

Бир жарыя үчүн 858 миң доллар алган актриса, модель Ким Кардашьян 4-орунду ээледи.

Андан кийинки орун америкалык ырчы Ариана Грандеге буюрган. Ал бир пост үчүн 853 миң доллар алары белгилүү болду.

Ырчылар Селена Гомес 848 миң доллар, Бейонсе 770 миң доллар, Жастин Бибер 747 миң доллар, Тейлор Свифт 722 миң доллар, ал эми футболчу Неймар 704 миң долларды бир жарыясы үчүн табат.

Рейтинг ички маалыматтарга, жарнамалык агенттиктердин кызмат бааларына жана атактуулардын кирешеси жөнүндө ачык маалыматтарга негизделет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
22.04.2021. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ана сага ошончо акчаны каякка батырышат экен аа
22.04.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мессинер илешпей калыптыр го
22.04.2021. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анжелика канча алат болду экен, кыргыздарды да жазгыла өзүнчө рейтинг кылып.
22.04.2021. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Belek1710,300-600 мин бар колдонуучу 3000-5000 сом алат
22.04.2021. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен эч тушунбой койдум. Жарнама кылып берген посту учун, Жарнама берген адам толойбу? Же болбосо ар бир чыгарган посту учун инстаграм толоп береби?
22.04.2021. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жакшы, мен мынча акчаны омур бою иштеп да таппайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: