super.kg logo

Мушкер Орзубек Назаровдун "Кайрадан согуш" аттуу китеби жарык көрдү

 
Бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, кыргыз мушкери Орзубек Назаровдун автобиографиялык "Кайрадан согуш" аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу мушкер Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, орус жана кыргыз тилинде жарык көргөн китептин бет ачары 24-апрелде болмокчу.
"1983-жылдан бери көз алдымда болуп өткөн окуяларды жана кичинекей ачылыштарды күндөлүккө жазып жүрөм. Качандыр бир кезде өзүмдүн өмүр баяным тууралуу бүт дүйнөгө айтып береримди ички туюмум менен сезгем. Эгер ушул китептин сизге жол көрсөтүүсүнө уруксат берсеңиз, анда дүйнөнү бир аз башкача, мага окшоп карай баштайсыз деп ойлойм", - деп жазган мушкер.
Эске салсак, Орзубек Назаров бокс боюнча профессионалдар арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынын вице-президенти, 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: