Мамлекеттик лотерея компаниясынын ишмердигин өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук окууга коюлду
Мамлекеттик лотерея компаниясынын ишмердигин өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук окууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Гүлшат Асылбаева.
Маалыматка ылайык, бул мыйзам долбоору лотерея ишмердигин уюштурууну жана башкарууну өркүндөтүү аркылуу мамлекеттик лотерея компаниясынын ишмердигин өнүктүрүү максатында социалдык чөйрөгө инвестицияларды тартуу үчүн натыйжалуу кошумча инструментти түзүү, лотереяга катышуучулардын кошумча укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
"Мыйзам долбоорунда лотерея билеттерин сатуунун электрондук системин киргизүү каралып жатат. Бул систем лотереялык ишмердикти мамлекеттик жөнгө салуу механизминин курамдык бөлүгү болуп калат.
Лотерея билеттерин сатуунун электрондук системи заманбап лотерея рыногун түзүүгө мүмкүндүк берет, анда лотереялык өндүрүмдөрдүн ар түрдүүлүгү болушу керек.
Лотереянын заманбап түрлөрү экономикадагы кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн маанилүү, масштабдуу жана динамикалуу тармагы болуп калат, мамлекеттин социалдык муктаждыктарына максаттуу чегерилүүчү орчундуу жана стабилдүү бюджеттик келип түшүүлөрдү камсыз кылат", - деп жазылат маалыматта.
