super.kg logo

"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйын". Энергетика министри электр энергиясынын тарифтеринин баасын түшүндүрүп берди

 

Бүгүн, 22-апрелде энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында министр тарифтердин баасын түшүндүрүп берди.

"Бул тарифтердин баасы август айына чейин коомдук талкууга коюлат. Ар бир жарандын сунушу, көз карашы эске алынат.

1 сом 48 тыйын кайдан келип чыкты? Буга 2020-жылдын энергетикалык компаниялардын чыгашасы, импорттун чыгымдары, ЖЭБде жагылган отундун чыгымдары, карыздын негизги көлөмү кирген жок. Бул азыркы социалдык абалды эске алып эсептелинди.

Эгерде кышта электр энергиясын колдонуу 1000 Кв сааттан ашса, анда экинчи тепкич менен төлөө башталат. Бул убактылуу суунун тартыштыгына байланыштуу болмокчу. Бул тарифтин баасы 2 сом 29 тыйын болмокчу. Буга 2020-жылдын энергетикалык компаниялардын чыгашасы, импорттун чыгымдары, ЖЭБде жагылган отундун чыгымдары, карыздын негизги көлөмү кирди. Тарифтердин бөлүнүшү:

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, чыныгы муктаждарга 74 тыйын;

Алыскы, тоолуу райондордо жашагандарга (климаттык шарты оор) 1 сом 40 тыйын болмокчу;

Өндүрүш жана айыл чарба тармагындагыларга 2 сом 38 тыйын болот.

Бул баалар гидроэлектростанциянын өздүк наркы менен эсептелди", - деди министр.

Эске салсак, кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Анын сунушу көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, нааразычылык жараткан






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
22.04.2021. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калгандарга канчадан экен ошондо?
22.04.2021. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Өзү дагы бир митинг кылыш керек болуп калды тынчтык жол менен кана. Санариптештиру деп элдин баарын кыйнап бүтүштү пасобия пенсия алгандар тезирек карточкага өткүлө антпесе пасобия пенсиянар чыкпайт жөн эле элди кыйнап бутушту барганда эле ме деп эле бүтүрүп бере койбойт экен да тиги жака барып кол койдуруп кел бул жакка барып печать бастырып кел деп элди темселетишет эми болсо светтин баасын которсонор.
22.04.2021. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Башты айлантып ар нерсени айтпай жон отургула, мамлекеттин казынасын башка жол менен толтургула.
22.04.2021. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кымбат
22.04.2021. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Светтин баасын көтөрүлбөйт ушул баа менен калат деген Жапаров каяка кеткен. Токтогулдун эли гести жардырып эле салыш керек болуп калды өзү гес курулуп жатканда Токтогул эли үчүн электр энергиясы бекер деп алып бекер кылган да жок аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө дейсиңер баарысын эле 1сом 40 тыйын кылышат жарды жашаган адамдарды тонойсунарда өзү. Бергенинер бир балага 900 сом ошону да элди кыйнап чайнап бересиңер приздент болуп келгенине 4ай болуп калды дагы деле бир диагноз чыгара элек
22.04.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менин жазуумду дагы өчүрүп салбагыла админдер бул айткандарым чындык.
22.04.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо белгилуу эле болуп турбайбы депутаттар ошолордун тууган уруктары жеп ичеерлер баары аз камсыз болгондорго айланатта.баягы эле карапайым эл 1сом 40 тыйындан толой беребизда бул Садыр авамда жарабады элдин умуту очту уже.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: