super.kg logo

Казакстан 900 миллион киловатт электр энергиясын бере баштады. Аны Кыргыз өлкөсү кандай жол менен төлөйт?

 

Бүгүн, 22-апрелде энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берүүдө.

"Суунун тартыштыгына байланыштуу биз Казакстанга дагы, Өзбекстанга дагы барып, импорт кылабыз деп сүйлөштүк. Азыркы баа бизге кыйын. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде биз товар алмашуу тууралуу чечимге келдик. Жыйынтыгында, Казакстан бизге 900 миллион киловатт берет. Биз мунун баарын быйыл алсак, Токтогул суу сактагычына суу толтура алабыз. Электр энергиясын алуунун себеби сууну толтуруу. 900 миллион киловатты 3 жылдын ичинде Казакстанга кайра беребиз. Жалпак тил менен айтканда, товар алмашуу бекер болот. Бирок Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө келген электр энергиясынын транзитин Казакстан төлөйт. Бул 1 жарым миллион долларды түзөт", - деди министр.

Эске салсак, кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Анын сунушу көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, нааразычылык жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
22.04.2021. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Короче элдин чонтогун кагасынарда
22.04.2021. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Токтогул суу сактагычындагы сууну толтурбай эле өзбектерге сатып атсанар каяктан толот. Суу таш тоо баарын сатып буттунорго не калды эми Өзбекстан менен биргелешип колдонобуз деп атып гес сууларды берип буттунорго саткандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: