super.kg logo

Бириккен улуттар уюму кабыл алган "Жаратылыш чек араны билбейт" долбоорунун артыкчылыктары айтылды

 

Бүгүн, 22-апрель Тышкы иштер министрлигинде Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Кыргыз өлкөсүнүн "Жаратылыш чек араны билбейт" аталышындагы резолюциясын кабыл алгандыгы тууралуу брифинг болуп өттү.

Анда бешинчи саясий департаментинин кеңешчиси Эркин Атабеков төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бир добуштан кабыл алынган резолюцияларды кабыл алуу учурунда БУУга мүчө 60 өлкө биздин резолюциянын биргелешкен демөөрчүлөрү катары чыгышты. Биздин идеянын негизги бөлүгү - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, бекемдөө. Келечек муундар үчүн таза, коопсуз, туруктуу чөйрөнү камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөө. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен биздин токтом ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү сыяктуу экология жаатында Кыргыз өлкөсүндө жогору бааланган жергиликтүү демилгелеринин органикалык уландысы болуп калды.

Долбоор алдыңкы эл аралык экологиялык уюмдар тарабынан жактырылып, колдоого алынды. Резолюция кандай жүрүп жатат? Токтомдун идеясы 2017-жылы иштелип чыккан. Биз анда өзгөчө ак илбирстин көйгөйлөрүнө көңүл бургубуз келди. Кийин убакыттын өтүшү менен климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүк маселеси актуалдуу боло баштаганын байкадык.

Бул жана башка багыттар боюнча, 4-5 чакан долбоорлорду иштеп чыгуу максатында алдын ала иштелип чыккан ишти баштайбыз. Бул Арстанбап токою, Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгү, тоолуу аймактар. Алгач биз ар дайым Кыргыз өлкөсүнүн визиттик картасы катары саналган ак илбирстин популяциясына көңүл бурабыз", - деди Атабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: