Энергетика министри 129 миллиард сом карыз кайда жумшалганын түшүндүрүп берди
Бүгүн, 22-апрелде энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берүүдө. Анда министр Кыргыз өлкөсүнүн энергетика боюнча 129 миллиард сом карызы кайда жумшалганын айтып берди.
"129 миллиард сомдун ар бир сому боюнча тиешелүү иштер жүргөн. Датка-Кемин курулуп, Бишкек ЖЭБинин модернизациясы жүргөн. Ар бир курулуштун долбоорун көрсөтүп бере алабыз. Датка-Кемин курулбаса, жалгыз гана аба чубалгылары иштемек. Бизде энергетиканын 80 пайыз керектөөчүлөрү түндүк региондо жайгашкан. 85 пайыз кубаттуулук түштүк аймактарда жайгашкан. Ушул кубаттуулукту түштүк региондон түндүк регионго жеткириш керек. Буга чейин бул маселе жалгыз аба чубалгы менен чечилип келе жаткан. Анда калктын 50 пайызы камсыздалып, калганын коңшу өлкөлөрдөн алып турганбыз. Биз транзит үчүн акча каражатын төлөп келгенбиз. Биздин божомол боюнча, 30 миллион доллар төлөмөкпүз. Ушул линиянын ишке кириши менен бул каражатты Кыргыз өлкөсүндө алып калып жатабыз", - деди министр.
