super.kg logo

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкөдө калуу мөөнөтү узартылары айтылды

 

Орусиянын Ички иштер министрлиги мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкө аймагында калуу мөөнөтүн узартып берет. Бул тууралуу Орусиянын ИИМине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн аймагында калуу мөөнөтүн узартуу үчүн чет жактан барган жарандар ИИМге, укук коргоо органдарына же элчиликтерге кайрылышы керек. Алар мигрантка жана үй-бүлөсүнө тиешелүү документтерин бүтүргөнгө жардам беришет.

"Бул өлкөнүн айрым экономикалык тармактарында жумушчу күчтүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Ошого карап чет элдик жарандарды курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана айыл чарбасында иштөөгө мыйзамдуу түрдө тартуу аракети болуп жатат. Өлкө президентинин 18-апрелиндеги жарлыгына ылайык, мигранттар өлкө аймагына келүү мыйзамын бузган учурда аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой КМШ өлкөлөрүнөн Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн 1 миллиондон ашык адамды чыгарып кетүүгө чакырган.

Анда июндун ортосуна чейин Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды күч менен чыгарууга мораторий киргизилери жана мигранттар 15-июнга чейин өз ыктыяры менен чыгып кетсе, эч кандай жазага тартылышары айтылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: