Садыр Жапаров 2020-жылы: "30 жыл чыдадыңар, бир кыш чыдап койгула. Электр энергиясына болгон чектөөнү сөзсүз алабыз"
20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Анын сунушу көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, нааразычылык жараткан.
Өлкө башчы Садыр Жапаров былтыр, 2020-жылдын ноябрь айында президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан кезиндеги Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, электр энергиясы боюнча айткан сөзү учурда интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда.
Анда президент: "Электр энергиясына болгон чектөөнү жаздан баштап алып салсак болот экен. Азыр деле алсак болот эле, бирок эл деген эл. Чектөөнү алды дегенден кийин эл көмүрдү таштап салып, бардыгы электр энергиясына өтүп кетет. Анда трансформаторлор атылып, эски линиялардын баары күйүп кетет экен. Мен он чакты адис менен кеңештим.
30 жыл чыдадыңар, эми бир кыш чыдап койгула. Май айына чейин чыдагыла андан кийин чектөөнү сөзсүз алабыз. Баасы бүгүнкү төлөп жаткан 0.77 тыйын боюнча эле калат", - деген.
Ал эми бүгүн, 22-апрелде энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жаңы сунушталган тариф боюнча маалымат жыйын берди.
Садыр Жапаровдун былтыр айткан сөзү кызуу талкууда

Досторум бул Садыр лапша илип жатат десе жаман көрдүм эле