super.kg logo

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында кайрадан нааразычылык акциясы өттү

 

Бүгүн, 22-апрелде бир нече партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгышты. Алар Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Чогулгандардын айтымында, шайлоодо добуш сатып алуу орун алганына байланыштуу кайрадан шайлоо өткөрүү керек.

"Бул ыплас шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек, биздин үнүбүз жетет деп ойлойбуз. Шайлоо калыс өткөн жок, сатып алуулар болду. Өзүңөр билгендей, олигархтардын партиялары өтүп кетти. Жаңы партиялар, жаңы жүздөр калып калдык. Көп нерселерге БШК көз жумуп жатат, бир партияны тизмеден алып коюп эле бүттү эмес. Бул жыйынтыкка нааразы болгондор көп, биз Орозо күнүндө чыкпай тургула деп токтотуп жатабыз", - деп билдирди акциянын катышуучуларынын бири.

Митингчилерге БШКнын төрайымынын орун басары чыгып, нааразы болгондордун арызы каралып жатканын убагы келгенде жыйынтык чыгарыларын маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: