Баш байге эки бөлмөлүү батир. Өлкөдө "Илимдүүнү ийгилик издейт" аттуу китеп окуу сынагы өтөт
Республикалык "Илимдүүнү ийгилик издейт" аттуу китеп окуу сынагы өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, сынак ушул жылдын 27-ноябрында өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталат. Сынакка катышууну каалагандар ушул жылдын 20-ноябрына чейин катталышы зарыл.
"Сынак "Ыйман бутактар", "Өчпөс өмүр" жана "Бакыт Ордосу" китептеринин негизинде өткөрүлөт. Баш байгени жеңгендерге эки бөлмөлүү батир берилмекчи. Калган байгелүү орундарга акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.
20-апрель күнү Ош облустук мусулмандар казыятына китеп окуу сынагы үчүн борбор калаадан 1500 даана китеп жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.
Сынакты Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргыз өлкөсүнүн ислам университети уюштуруп жатат.
Эскерте кетчү жагдай, сынакка катышууну каалаган окурман бир гана китепти тандай алат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү номерлерге кайрылууга болот: 0551 808 989, 0779 808 989 Ош облустук казыяты.


1 |