super.kg logo

Башына күрмөсүн жаап, күч колдонушкан. Токмокто тоноочулукка шектелип 5 жаран кармалды

 

Чүй облусунун Токмок шаарында тоноочулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токмок ШИИБине 30 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Анда 5-апрель күнү болжол менен саат 09:30 чамаларында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш бирөөлөр арыз ээсине күч колдонуп, Редми жана Айфон үлгүсүндөгү телефондорун, ошондой эле ичинде 6 миң 500 сом акча жана документтери салынган капчыгын тартып алышып качып кетишкенин жазган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Тергөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 28 жаштагы бир жаран жана 25 жаштагы эки жаран кармалган. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары 10-март күнү Сокулук РИИБине 37 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Арызда эки бейтааныш адам анын башына күрмөсүн жаап, денесине залал келтиришип, Редми үлгүсүндөгү телефонун тартып алышып окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 20 жаштагы эки жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: