super.kg logo

1 жыл мурун ижарага унаа алып, аны күрөөгө таштап качып кеткен. Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

 

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 20-апрель күнү Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 8-декабрында Үметалиев жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен арыз ээсинин чала таанышы анын ишенимине кирип, баасы 4 миң 400 доллар турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын ижарага алам деген убада менен ээлеп алган. Андан кийин аталган унааны күрөөгө 55 миң сомго таштап, белгисиз тарапка из жашырганын жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө, бул кылмыш ишине шектелип 1982-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук милициядан учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: