super.kg logo

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 30 жылдыгы белгиленди

 
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) 30 жылдыгын майрамдоонун урматына салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын начальниктери, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү жана ИИМдин БМЖКККнын өздүк курамы катышты.
"Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Өтөп жаткан кызматыңыздардын маанилүүлүгүн баалабай коюу мүмкүн эмес. Сиздер баңгилик кылмыштуулугуна каршы аракеттенүүгө татыктуу салым кошуу менен жарандардын саламаттыгын коргоп келе жатасыздар. Баңгизаттар канчалаган адамдардын, жаштардын тагдырын талкалап келет. Элибиз саламатта болуусуна сиздердин салымыңыздар чоң.
Мамлекетибиздин, баарынан мурда жаштардын келечеги, ошондой эле экономикалык жана социалдык туруктуулук сиздер өтөп жаткан кызматтан көз каранды десем жаңылышпайм.
Өзүмдүн чыгып сүйлөгөн сөзүмдө ардагерлердин ордун, алардын кызматтын түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө кошкон зор салымдарын, азыркы учурга чейин көрсөтүп жаткан көмөктөрүн баса белгилеп кетүүм зарыл. Буга байланыштуу сиздерге бекем ден соолук, бейкутчулук, үй-бүлөлүк бакыт жана тынч жашоо каалайм!
Кызмат биринчилерден болуп эл аралык кызматташтыкты алдыга жылдырып, биргелешкен иш-чараларды ийгиликтүү өткөрө баштаган. Азыркы учурда ал Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюму, Шанхай кызматташтык уюму, АЙДЕК жана башка форматтарында иш алып барып, Европа бирлиги жана башка мамлекеттер менен өз ара аракеттенет”, – деди министр Улан Ниязбеков.

БМЖКККнын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери, ардагерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле маркум А.Алиевдин жубайы М.Алиева ведомстволук медалдар менен сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: