"Эң көбү Жалал-Абадда". Өлкөдө сутка ичинде 1 жарым миңге чукул адам эмдөөдөн өттү
Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 1 миң 357 адам коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 357 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бардыгы болуп өлкөдө 13 миң 552 адам эмдөө алды", - деп билдиришти министрликтен.
Сутка ичинде эмдөө алган адамдардын ичинен: Бишкек - 217;
Ош шаары - 134;
Чүй облусу – 166;
Ош облусу - 202;
Талас облусу - 64;
Нарын облусу - 30;
Ысык-Көл облусу – 169;
Жалал-Абад облусу – 220;
Баткен облусу - 155.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Алгандар болсо болушкулочу, кандай озгоруулор болот экен