Бишкектеги 15 мектеп толугу менен онлайн окутууга өттү. Шаар боюнча 45 окуучу ооруп жатат
Бишкек шаары боюнча 45 окуучу коронавирус илдети менен жабыркап жатат. Алардын бирөө пневмониядан дарыланууда.
Бүгүнкү күндө шаарда 24 мугалим коронавирус илдетинен (алтоо пневмонядан) дарыланууда. Мындай статистикалык маалымат 21-апрелге карата алынганын Билим берүү башкармалыгынын билимди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.
Ошондой эле билимди өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы борбор калаада 15 мектеп толугу менен онлайн окутууга өткөнүн, андан тышкары 14 мектепте айрым класстар жабылганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.