Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери калды. Бир жыл мурда алардын саны 241 болчу
Бүгүнкү күндө өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери жашайт. Алардын ичинен 33ү майып, 85 катышуучу, 13 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 15 Ленинграддын блокадачылары. Ошондой эле 1 миң 304 ооруктун эмгекчилери, 2 эмгек армиячылары, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 5 үй-бүлөсү.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, өткөн жылы 241 ардагер бар болсо, быйыл алардын саны 146 болду.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, ооруктагы эмгекчилерин, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу ай сайын жана жыл сайын бир жолку төлөмдөр түрүндө жүзөгө ашырылат.
Ай сайынкы төлөмдөр
- Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияны төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:
– 7000 сомдон Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, ошондой эле Ленинград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;
– 2000 сомдон майыптыгы бар оруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына;
– 1000 сомдон Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы кайратман эмгеги үчүн сыйлыгы бар ооруктун эмгекчилерине.
10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендияны Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, ошондой эле концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана Ленинград блокадачылары алышат.
Жыл сайын республикалык бюджеттен ардагерлерге 9-майга карата бир жолку акчалай жөлөк пул төлөнүп турат.
- 9-майга карата бир жолку төлөм
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына, ошондой эле Ленинград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына - 20 миң сом;
- Оруктун эмгекчилерине, эмгек армиячыларына, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө - 15 миң cом.
Бүгүнкү күндө министрлик аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарын жалпы суммасы 22 миллион 782 миң сом бир жолку жөлөк пулдарды төлөө үчүн каржылап, төлөө башталды.
Акчалай компенсацияларды жана өмүр бою берилүүчү стипендияларды ай сайын төлөө өз убагында жүргүзүлүп жатат.
