Аксыда "мектепке барабыз" деп чыгып кеткен эже-сиңди Оштон табылды



Жалал-Абад облусунун Аксы районунда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыздар милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Аксы районунун тургундары 2006-жылы туулган Ж.М. жана 2007-жылы туулган Т.Э. саат 07:30 чамасында үйлөрүнөн "мектепке барабыз" деп чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келишкен эмес. Бул окуя боюнча ошол эле күнү кыздардын ата-энелери Аксы РИИБине арыз менен кайрылган.
Аталган окуя РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, дароо эле издөө боюнча атайын топ түзүлгөн жана жүргөн жерлерин аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 21-апрель күнү дайынсыз жоголгон кыздардын Ош шаарында жүргөн жери Ош шаардык кайгуул милициясынын кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен аныкталып, кыздар табылган. Андан соң ата-энелерине өткөрүлүп берилген.
Тартип сакчыларынын жасаган иштерине күбө болгон ата-энелер ыраазычылыктарын билдиришкен.
