super.kg logo

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов кытай вакцинасы менен эмделди

 
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов коронавирус инфекциясына каршы кытай вакцинасын алды. Ал эмдөөдөн бүгүн, 22-апрелде өткөнүн шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мекемеден кабарлашкандай, эмдөө жарандардын өз ыктыяры менен жүргүзүлөт.
Эске салсак, 19-мартта Кытай өкмөтү 150 миң доза Синофарм вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө жөнөткөн. 10 күндөн кийин өлкөдө коронавируска каршы эмдөө старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн. Эмдөө эки жолу жасалып, аралыгы 25-28 күндү түзөт.
Бүгүн, 22-апрелде Орусиядан Кыргыз мамлекетине 20 миң доза Спутник вакцинасы келди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: