super.kg logo

Гүлзат Мамытбектин мурдагы жолдошу: "Сот анын издөөдө жүргөнүн эске алып, балдарды мага өткөрүү чечимин чыгарган"

 

Өзүн "кыргыздын деми" атаган Гүлзат Мамытбек бир канча убакыттан бери коомчулуктан оолак болуп кетти.

Пандемия башталганда Орусияда жүргөн ырчыга "алдамчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болгон. Ал бул иштин артында мурдагы жолдошу Талант Курманкулов турарын айткан.

Гүлзат Мамытбек менен мурдагы жолдошу балдарды камкордугуна алып калуу үчүн соттошуп, чечим ырчынын пайдасына чечилген. Бирок балдар азыркы тапта атасы менен жашап жатканы Талант Курманкулов тарабынан белгилүү болду.

Айтымында, Гүлзат Мамытбектин кайсы жакта жүргөнү белгисиз.

"Чүй облустук соту ишти карап чыгып, Гүлзат көптөн бери балдар менен болмок түгүл "алдамчылык" беренесинин негизинде издөөдө жүргөндүгүн эске алып, балдарды мага өткөрүп берүү чечимин чыгарган. Соттун чечими күчүнө кире электе Гүлзаттын туугандары балдарды мага өздөрү беришти. Өткөн жылдын октябрь айынан баштап балдар мени менен жашап жатат. Облустук сот Сокулук райондук сотунун чечимин жокко чыгарган", - деди ал.

Гүлзат Мамытбек менен Талант Курманкулов расмий түрдө 2016-жылы ажырашкан. Алардын ортосунда үч баласы бар. Улуусу Талант мырза менен, экөө ырчы айым менен калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
23.04.2021. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гүлзат дагы башталдыбы, жок болуп кетти эле, кимге дем берип жүрдү экен.
23.04.2021. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деми башында калсын, обу жок аял
23.04.2021. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырчы дейби? Кандай ыры бар бул эженин.?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: