super.kg logo

Италияда оорукананын кызматкери 15 жыл бою жумушка чыкпай, эмгек акы алып жүргөн

 

Италиядагы ооруканалардын биринде өрт коопсуздугунун кызматкери 15 жыл бою жумушка чыкпай, эмгек акысын алып жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Италиянын Катанзаро шаарында оорукананын кызматкери 2005-жылдан бери өрт коопсуздугу бөлүмүнүн мүчөсү катары каттоодо турган. Ошол эле учурда ал бир да жолу жумушка чыккан эмес. 15 жылда иштегендиги үчүн ал 538 миң евро (болжол менен 55 миллион сом) маяна алган.

Полиция кызматкерлери ал адамды таап, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жасалма документ жасоо жана опузалап пара талап кылуу беренелери боюнча айып таккан. Ошондой эле оорукананын дагы алты кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, документтерди жасалмалаган жана опузалап пара талап кылган деп шектелүүдө.
Айыпталып жаткан жаран 2005-жылы жумушка барбай калгандыгы үчүн дисциплинардык протокол жазганы жаткан оорукананын директорун кысымга алган. Андан кийин директор пенсияга чыгып кетип, ал киши жумушка чыкпай жүргөн. Ал эми анын жумушка барган-барбаганы кадрлар бөлүмү тарабынан да, директордун мураскору тарабынан да эч качан текшерилген эмес.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.04.2021. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А ни че, бизде отуз жылдан бери алып жургондор бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: