super.kg logo

Коронавирусту жуктуруп алгандардын бир суткалык көрсөткүчү боюнча Индия дүйнөлүк рекордду койду

 

Индия өлкөсүндө бир сутка ичинде 314 миң 835 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, суткалык көрсөткүч боюнча дүйнө жүзүндөгү рекордду койду. Муну менен аталган өлкөдө илдеттен жабыркагандардын саны 15 миллион 900 миңден ашканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Индия мамлекетинин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген маалыматта бир суткада 2 миң 104 бейтап каза болуп, жалпы 184 миң 657 адам көз жумганы айтылат.

"Өлкөдөгү бейтапканалар бейтаптарды кабыл алууга үлгүрбөй, өтө оор абалдагы бейтаптарга кычкылтек берүү жетишсиз болуп, саламаттыкты сактоо тутуму кыйроого учуроо алдында турат. Мындай билдирүү Индиянын бийлиги тарабынан жасалды.

Нью-Делидеги ооруканаларда кычкылтек түгөнүп, коңшу штаттагылар өз муктаждыктары үчүн кычкылтекти борбор калаага жеткирүүнү токтоткон. Өлкөнүн крематориялары (каза болгондордун сөөгүн өрттөөчү жай) да сөөктөргө толуп, кезек күтүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Индияда COVID-19га каршы эмдөө да өтө жай жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Адистердин эсептөөсү боюнча, калктын 70 пайызын эмдөө үчүн эки жылдан ашык убакыт талап кылынат.

Акыркы аптада Индия бийлиги жергиликтүү шайлоону утурлай массалык митингдерди, фестивалдарды өткөрүүгө уруксат бергени үчүн сынга алынган.

"Экинчи толкун бизге мынчалык катуу сокку урат деп эч качан ойлогон эмеспиз. Көңүл ачуу күтүлбөгөн жерден дары-дармектердин, медициналык шаймандардын жана ооруканалардагы керебеттердин жетишсиздигине алып келди", - деген "Biocon Limited жана Biocon Biologics Limited" фармацевтикалык компаниянын негиздөөчүсү Киран Мазумдар-Шоу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: