Өзгөндө өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө
Ош облусунун Өзгөн районунда өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган.
"Анда апасы кызын өз атасы зордуктаган деп билдирген. Алгачкы медициналык экспертизанын жыйынтыгында, кыз зордукталбаганы аныкталган. Бирок жабырлануучу тарап буга макул болбогондуктан, кайра экспертиза дайындалды. Ошондой эле арыз жазган эне менен кызына карата психикалык экспертиза дайындалды.
Шектүү катары атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 23-апрелде анын баш коргоо чарасы каралат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.