super.kg logo

БШК: "КЭДПнын шайлоодо жарыштан четтетилиши боюнча кайрылуусун жумушчу топ карап жатат"

 

Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилиши боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу карап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Учурда бул маселени жумушчу топ карап жатат. Жакынкы убактарда Борбордук шайлоо комиссиясы карап чыгат", - деди ал.

18-апрелде Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилген.

Партиянын лидери Илим Карыпбеков бул чечим негизсиз экенин SUPER.KG порталына билдирди. "Мындай чечимге биз каршыбыз. Себеби Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы социалдык тармактарда чыккан ушак видеолорду негиздеп чечим чыгарышты. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылабыз", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: