super.kg logo

Шайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгы качан чыгат? БШКнын төрайымынын орун басары жооп берди

 

3 күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары референдум, жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун жыйынтыгын чыгарып бүтүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду алып келгенден кийин шайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгы чыгат. Учурда аймактык шайлоо комиссиялары протоколдорду түзүп, бүтүп жатышат. 5-6 шайлоо аймактык комиссияларында референдум, жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун жыйынтыгын чыгарышты. 3 күндүн ичинде башкалар дагы бүтүшөт. Андан соң аймактык шайлоо комиссиялары протоколдорду БШКга тапшырууну жүзөгө ашырышат", - деди ал.

Эске салсак, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: