"Баасы 500 миң сом". Нарында жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткен жер тилке кайтарылды
Нарын облусунда жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткен объект кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Нарын шаарында баасы 500 миң сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
"Нарын шаардык прокуратурасы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга турак жай куруу үчүн 800 чарчы метр жер тилкесинин менчикке берилип кеткендигин аныктаган. Алсак, Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жогорудагы жер тилкеси менчикке чыгарылып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Аны менен катар прокуратура тарабынан Нарын шаардык сотуна мэриянын чечимин жана жер тилкелерине берилген укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгарууга доо арыз киргизилген. Доо арыздар бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылып, жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
