super.kg logo

Актриса Женнифер Лопес сүйүктүүсүнөн эмнеге кол үзгөнү айтылды

 

Голливуд жылдызы Женнифер Лопес сүйүктүүсү Алекс Родригес менен сүйүү мамилесин ишенбестиктин айынын токтоткон. Бул тууралуу актрисанын курбусу америкалык гезиттердин бирине берген маегинде айтканын дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, 15-апрелде жылдыздуу түгөйлөр сүйүү мамилесин расмий түрдө токтотконун тастыктаган. Бул кабар коомчулукту таң калтырган жок, анткени алардын мамилесинин солгундап жатканы жөнүндө ушактар ​​көптөн бери айтылып келген. Актрисанын курбусу алардын эмне себептен сүйлөшпөй калганын айтып берген.

Курбусунун айтымында, Женнифер Лопес сүйүктүүсүнө ишенбей калган. Буга Алекс Родригестин алардын мамилелерине кыянаттык кылганы тууралуу кептер тараганы себеп болгон.

"Алекс чындап эле курбумду алдадыбы же алдаган жокпу белгисиз бойдон калды. Андай нерсе болуп кетиши мүмкүн деген коркуу сезими бактысыз кылды", - деген ал.

Белгилей кетсек, Женнифер Лопес атактуу бейсболчу Алекс Родригес менен 2017-жылдын март айынан бери мамиле түзүп келген. Родригес актрисанын колун сурап, алардын мамилеси үй-бүлө курууга жакындап калган. Алгачкы жолу ресторан менеджери Охани Ноа аттуу адамга турмушка чыккан. Андан кийинки турмушун бийчи Крис Жадд жана үчүнчү турмушун ырчы Марк Энтони менен курган. Ортодо актёр Бен Аффлек, рэпер Дрейк сыяктуу атактуулар менен да сүйүү романдарын курган учурлары болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
23.04.2021. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эгер сиз адамды таанып-билгиңиз келсе, аны менен саякатка чыгыныз.
Аял сүйүү үчүн Лопестей сулуу болуш керек деген доор бар. Дүйнөнү сулуулук сактап калат. Сулуулук жакшы сапаттарды жаркыратып, жаман көрүнүштөрдү жашырат. Сулуулук - жан дүйнөнүн күзгүсү. Аял затын дайыма сулуу көрүнүүгө чакырам.
zhazgul98 түзөттү 2021-04-23 11:54:17
23.04.2021. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhazgul98,Чачын жайып деген жери калып кетиптир.
23.04.2021. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
zhazgul98,
23.04.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жоргонун тери кургабайт,сулуунун көтү кургабайт деген макал бар беле!
Baatirbek81 түзөттү 2021-04-23 16:11:01
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: