super.kg logo

Прокуратура: "Таласта менчикке берилип кеткен 16 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды"

 

Талас облусунда мамлекетке 16 гектар жер кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура райондук прокуратурасы тарабынан менчикке берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

"Жайыт жерлер мамлекеттин гана менчиги экендигине карабастан, 2005-жылы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери жайыттан 16 гектар жер тилкесин жаранга мыйзамсыз менчикке берип салышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө. Мыйзамсыз берилген жайыт жерди мамлекетке алуу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко тиешелүү доо арыздар киргизилип, алар толугу менен канааттандырылган жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: