super.kg logo

Май айында маршруттук таксинин айдоочулары жол кирени көтөрүү боюнча нааразычылык акциясына чыгышабы?

 

Маршруттук таксиге болгон бааны көтөрбөсө, айдоочулар кайрадан нааразычылык акциясына чыга тургандыктары тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан. Буга байланыштуу калаадагы маршруттук таксилердин биринин айдоочуларынын оюн уктук.

Алардын айтымында, январь айында соляркага болгон баа 36 сом болуп турганда, ошол учурдагы шаар мэри Балбак Түлөбаев май айында маршруттук таксиге болгон бааны көтөрөрүн убадалаган. Бирок бүгүнкү күндө соляркага болгон баа 45,5 cом болгондугуна карабай маршруттук таксиге болгон баанын көтөрүлбөй жатканын айтышты.

Сулайман аттуу айдоочу буларга токтолду.

"Бизге 5 жылдан бери эле убада берип келе жатышат, бирок эч кандай жыйынтык жок. Бардыгы кымбат, солярка эле эмес, унаа тетиктери, мотор майлары... Анткени чек арага байланыштуу алар аз санда кирип калды. Көбүбүз унааларды ижарага алганбыз, аны төлөшүбүз керек. Азыр студенттер окубайт, азык-түлүктөр кымбат, ошол себептен күнүмдүк кирешебиз мурункуга караганда 300 сомго чейин азайды", - деди ал.

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысын милдетин аткаруучу Эмилбек Ункуев маршруттук таксиге болгон баа боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"Январь айында ошол кездеги Бишкек шаарынын убактылуу мэри Балбак Зарлыкович маршруттук таксилердин айдоочуларына маршруттук таксилерге болгон бааны көтөрүү боюнча убада берген. Бирок бул маселе убадасы жок эле чечилиши керек эле. Анткени бул маселе акыркы жолу 2012-жылы каралган. Жаңы келген жетекчилик бул маселени тез арада карап чыккыла деп тапшырма берген. Биз комиссия түзүп карап жатабыз, комиссиянын жыйынтыгын Экономика министрлигине жиберебиз, андан кийин Бишкек шаардык кеңешине жиберилет'', - деди Ункуев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: