Өкмөт башчы азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берди
Өкмөт башчы Улукбек Марипов азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-апрелде социалдык тармактан түз эфир учурунда билдирди.
"Азык-түлүк коопсуздугу боюнча буга чейин дагы айтып келгенбиз. Кумшекер, өсүмдүк майы, ун маселеси боюнча айтканбыз. Булар боюнча Орусиядан акча бөлүп жаткан 1 миллион литр өсүмдүк майынын ичинен 392 литри келип түштү. Кошумча нарк салыгы алып салынды. Базар баасынан бир аз арзан кылып базарларга чыгарабыз же аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратып беребиз. Кумшекер 3 миң тонна келиш керек болсо, 338 тоннасы келди. Бул дагы таратылып берилет", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.