super.kg logo

478 окуучу республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды

 

Кыргыз өлкөсүндө 478 окуучу республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-25-мартта Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын облустук борборлорунда республикалык олимпиаданын III этабы болуп өткөн. Олимпиада 17 окуу предмети боюнча болуп, ага жалпысынан 1 976 окуучу катышкан.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаары “кызыл зонага” киргендиги тууралуу билдирүүсүнүн негизинде, олимпиаданын IV этабын өткөрүү маселеси COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында каралган. Жыйынтыгында азыркы шартта массалык иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушталган.

COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын сунушу эске алынып, Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен облустук турда 1, 2 жана 3-орундарга ээ болгон 478 окуучу 2020-2021-окуу жылынын мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлѳрү деп табылды.

Алардын ичинен биринчи орунду – 155 окуучу, экинчи орунду – 166 окуучу, үчүнчү орунду – 157 окуучу ээледи. 1-орунду багындырган 155 окуучуга I даражадагы дипломдор жана китеп сатып алууга сертификаттар берилет, ал эми 2, 3-орунду ээлеген окуучуларга II жана III даражалардагы дипломдор тапшырылат.

Ошондой эле республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон 270 окуучу 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылыктарга ээ болушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: