super.kg logo

Мүйүздөрү жулунуп, баштары канжалаган. Баткенде 5 баш асыл маралды Өзбекстанга алып бара жаткан жаран кармалды

 

Кечээ, 22-апрелде Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек арадан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер жергесинде чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара сызыгынын жанынан 1972-жылы туулган Кыргыз жаранга тиешелүү Тойота-Превия унаасын токтотушкан.

"Унааны текшерүү учурунда беш баш асыл маралды табышкан. Маралдардын жашы 1 жаштан 4 жашка чейин болгон, төрт жаныбардын мүйүздөрү жулунганы аныкталган.

Жагдайды аныктоо максатында унаанын айдоочусу жана анын өзбекстандык жүргүнчүсү кармалган. Сурамжылоо учурунда жаныбарларды Өзбекстанга өткөрө тургандыктары аныкталган. Айдоочуда болсо маралдарга тиешелүү болгон эч кандай документтер болгон эмес. Учурда беш баш маралдын баасы канча тураары такталууда.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар жана жаныбарлар андан аркы териштирүү иштердин жүргүзүлүшү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берилди", - деп билдиришти чек ара кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
23.04.2021. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Э АЛЛА сатпаган дагы эмнебиз калды.
23.04.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Муйузун сындыргандай,колунун манжаларын кыркып,озбек мн шаферду,машина айдай албай Турган кылгыла,сатпаган ушул калдыбы.
23.04.2021. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Муйуздорун сындырып отдельно сатышканбы же Озбекстанда сатмак бекен?Булар купкундузу ушул иштерди кылып жатса,анда буга чейин коп нерсе алып отуп жургон,кокусунан кармалып калгандай!
23.04.2021. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмне деген намысы жок Эл болдук...
23.04.2021. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Муйуздору тушот озу жаз келеерде
23.04.2021. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тобаа өлдүкко биз кыргыздар шерменде болуп акча берсе колтугубуздунда жүнүн сатабыз намызданбай намыз деген калбадыго бизде атин арман.өлдүк шерменде болуп кошуна өлкөлөргө.
23.04.2021. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Энендурайын доодур бийлик келип ИТ Сарттар куп кутуруп атышат Границаны жаап салыш керек Озбектер менен Биздин макурттар акча учун сатбагын ушулар калды эле((
24.04.2021. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omyke, Ошол сен айткан доодур бийлик кармап жатат ушундай контрабанданы, сенин мурунку манкурт бийлигин оздору кошо алып отушуп беришкен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: