Кемпир-Абад: Митингчилер комиссия мүчөлөрүнө 3 күн убакыт беришти
Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразыбыз дегендер митинг өткөрүшүүдө.
Митингге чыккандар Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселени кайра кароо үчүн үч күн убакыт берерин айтышты. Комиссия мүчөлөрү сүйлөшүү уланарын, үч күн аз экенин айтып, 10 күндүн ичинде кайра кароого жооп болорун айтышты.
Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын буга чейин дагы билдиришкен. Алар УКМКнын башчысы, өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Өзбекстан менен жер алмашуу протоколу жокко чыгарылышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.
Кийинчерээк УКМКнын башчысы Кемпир-Абадга барып, митингчилер менен жолугушкан.
