Кемпир-Абад: Митингчилер суу сактагычка президенттин, саясатчылардын келишин талап кылды. Кайсы саясатчыларды?



Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразы болгондор митинг өткөрүшүүдө.
Анда митингчилер Кемпир-Абад суу сактагычына президент Садыр Жапаровдун, саясатчылар Адахан Мадумаров, Жеңиш Молдокматов, генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын келишин талап кылышты.
"Президент бизден добуш алып шайланган. Ошондуктан Кемпир-Абадга Садыр Жапаровдун дагы келишин талап кылабыз. Келсин. 28-апрель күнү митинг уланат", - деди митингдин алып баруучусу.
Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын буга чейин дагы билдиришкен. Алар УКМКнын башчысы, өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Өзбекстан менен жер алмашуу протоколу жокко чыгарылышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.
Кийинчерээк УКМКнын башчысы Кемпир-Абадга барып, митингчилер менен жолугушкан.

Бирдемкени тушунуп туруп жазсан. Куршап озгонго чейин жер отуп кетип атат