Улукбек Марипов: "Кенемте албай калган дарыгерлердин маселеси чечилет"
16-апрелде Бишкекте медицина кызматкерлери бийликтен бир жолку төлөнүүчү кенемтени берүүнү талап кылып тынчтык митингине чыгышкан. Премьер-министр Улукбек Марипов кенемте боюнча маселе чечилерин бүгүн, 23-апрелде социалдык тармактан түз эфир учурунда билдирди.
"Жакында эле биздин дарыгерлер кенемте боюнча маселе көтөрүп, тынчтык митингине чыгышкан. Өкмөт муну туура кабыл алат. Кенемте албай калган дарыгерлердин маселесин чечүү боюнча президентибиздин тапшырмасы бизге берилди. Бул боюнча биз жакынкы күндөрдө бюджеттен 200 миллион сом бөлүп берүү боюнча чечимди даярдап жатабыз.
Урматтуу медицина кызматкерлери, чындыгында адам өмүрү менен алышып жүрүп өзүңүздөр да ооруп калып жатасыздар. Ошондуктан жакынкы күндөрү бардык документтерди кайрадан чогултуп, комиссияларга тапшырыңыздар. Бул маселе каралып, чечилет", - деди Марипов.
