Ошто бала бакчада сабалды делген 5 жаштагы кыз. Бакчанын директору окуянын чоо-жайын айтып берди
Буга чейин Ош облусундагы менчик бала бакчалардын биринен 5 жаштагы кыз сабалганы кабарланган. Анда кыздын апасы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кызын уруп, чачтарын жулуп, ийне сайып салган деп жазган.
"Мага бала бакчадан чалышып, кызым уктабай койгондо кызматкерлер шприц менен ийне саябыз деп коркутуп коёлу дешсе, кызым секирем деп ийне сайылып калгандыгын билдиришти. Мен бала бакчага барганда кызымдын чачтары жулунуп, башында сыйрылган жерлери, колунда тактар бар экенин көрдүм. Кызымдын айтымы боюнча, аны сабашкан, түштөн кийин бала бакчадагы тарбиячы кеткенде балдарды Динара аттуу бухгалтери карап калыптыр. Кызым уктабай тапшырма бериңиз дегенде ал кыйкырып, мындан улам алар кызыма ийне сайып салышкан", - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы окуя болгон "Жасмин" аталышындагы менчик бала бакчага кайрылып, директордон окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат алды.
Директор Аселбү Жунусбаеванын айтымында, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Ошол күндөгү окуя толугу менен видео байкоого түшүп калганын, аны тергөөчүгө жана дагы бардык каалоочуларга тажабай көрсөтүп жаткандарын айтып берди.
"Окуя 5-апрель күнү балдардын түшкү тыныгуусунда болгон. Бул иш боюнча тергөөчү келип, күн бою толугу менен камерага тартылган видеону флешкага өткөрүп алып кеткен. Психологдор дагы келип балдар менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүштү. Биз бардык тараптарга, журналисттерге ачык маалымат берип жатабыз. 5 жаштагы балдар көргөнүн айтып берет да, алар дагы мындай иш болбогонун айтып жатышат.
Окуя болгон күнү мен ооруканада жаткам. Эртең менен орун басарым мага чалып, ата-энелер күтүп жатат, жолукпасаңыз болбойт деп билдирди. Мен барсам, ызы-чуу болуп бухгалтер менен ата-эне урушуп жатышыптыр. Мага кыздын апасы Елена Давыдова окуяны айтып берди. Мен камера орнотулганын айтып, көрүп изилдеп чыгайын деп жолдошу экөөнө жай түшүндүрдүм.
Кызматкерлер менен жекеме жеке сүйлөшүп, окуянын чоо-жайын аныктадым. Алар болсо таң калып жатышканын билдирип, эмне себептен мындай ишке барганын түшүнбөй жатышканын айтышты.
Ал эми бала бакчанын орун басарынын айтымында, ал өзү укол алып жатыптыр, алдыңкы кабатка ийне алып келейин деп медайымга баратса, "тихий час" учурунда балдар ызы-чуу болуп ойноп жатышыптыр. Кирсем баары тынч уктап калышты дейт, чыксам кайра башталды дейт. Балдардан сураса, бири-бирине шылтап башташыптыр. Анан ийнени көрсөтүп, азыр уктабасаңар ийне сайып коём деп чыгып кетиптир. Чыгып Динара аттуу бухгалтерге барат, анын кызы дагы группада бар, ал дагы дагы уктабайм деп туруп алыптыр. Аны жетелеп чыгып уктатып, берки 5 жаштагы кызды укта десе болбой койду дейт. Болуптур деп эле чыгып кетиптир, болгону ушул. Мунун баары камерада көрүнүп турат", - деп айтып берди директор.
Ал интернетке тарап жаткан жулунган чач менен жерде жаткан чачты салыштырса, айырма турганын айтып, мындай болушу мүмкүн эмес дейт.
"Кыздын башында турган так өзүңөр деле ойлоп көрсөңөр, жаңы жулунган чачтын түбү ошондой болобу? Канталап кетет да чачты жулганда, сүрөттө аппак болуп турат. Кулагындагы такты тарбиячы сураганда үйдөн ойноп жатып болгон деп айтыптыр", - дейт Аселбү Жунусбаева.
Ошондой эле директор кыздын апасына бала бакча үчүн төлөгөн акчаны кайтарып бергенин жана жогорудагы кызматкерлер жумуштан кеткенин кошумчалады.
Бул факты Ош ШИИБи тарабынан бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" менен катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.
Ошто бала бакчада сабалды делген 5 жаштагы кыз. Бакчанын директору окуянын чоо-жайын айтып берди



1 |