super.kg logo

Сабырбек Жумабеков "Орусиянын Илимдер академиясынын мүчөсү" дипломун алды. Аземге Аскар Акаев менен Майрам Акаева катышты

 

Хирург Сабырбек Жумабеков "Орусиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү" дипломун алды. Маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган диплом кечээ, 22-апрелде тапшырылган.

"Сабырбек Жумабеков учурда Москва шаарында. Ал жакта бир аптадан бери ар тараптан келген илимпоздор катышкан конференция өтүп жатат. Жумабеков Орусиянын Илимдер академиясына 2019-жылдын аягында кабыл алынган. Бирок пандемия тоскоол болуп, диплом тапшыруу аземи эми өттү", - деди басма сөз катчы.

Сабырбек Жумабековго диплом тапшыруу аземинен тартылган сүрөттөрдө Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Аскар Акаев менен анын жубайы Майрам Акаеваны көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
23.04.2021. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аконитныйдын сектантарынан, негативный комментарий кутобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: