super.kg logo

Өкмөт башчы: "Бишкекте коронавируска каршы эмдөөдөн акысыз өтүүгө шарт түзүлдү"

 

Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда коронавируска каршы эмдөөдөн акысыз өтүүгө шарт түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактан түз эфир учурунда билдирди.

"Бардык коопсуздукту сакташыбыз керек. Бүгүнкү күндө бир топ коронавируска каршы вакциналар келди. Биринчи болуп Кытайдан келди. Бир топ жарандар алып жатышат. Дарыгерлер, милиция кызматкерлери эмдөөдөн өтүп жатышат. Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда коронавируска каршы эмдөөдөн акысыз өтүүгө шарт түзүлдү.

AstraZeneka вакцинасы май айында келет, учурда вакцина үчүн бардык керектелүүчү материалдар Кыргыз мамлекетине келип түштү. Каалаган адам вакцинаны акысыз ала алат", - деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: